Кыргыз элинин оозеки эпикалык чыгармаларынын ичинен жаралыш доору жагынан эң алгачкыларынын бири — «Эр Төштүк» баатырдык эпосу болуп саналат. Ал байыркы кыргыздардын диндик ишенимдерин, мифологиясын, фантастикалык ой жүгүртүүлөрүн, салт-санаасын, кадыресе кадимки жай турмушун чагылдырып, сюжетинин чиелениши, кызыктуулугу, тилинин көркөмдүүлүгү менен өзгөчөлөнүп турат. Азыркы басылышы — С. Каралаевдин вариантына текстологиялык анализ берилип, толук жарыяланган басылышы болуп саналат. Жыйнак жалпы окурмандарга арналат.